![Акылбек Жапаров Ататүрктүн мавзолейине барды Акылбек Жапаров Ататүрктүн мавзолейине барды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/65c5d8201f1a5-thumb.jpg)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Анкара шаарына (Түркия Республикасы) болгон расмий сапарынын алкагында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана биринчи Президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн “Аныткабыр”мавзолейине барды.
Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматка ылайык, МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, анын элесин эскерди.
![Акылбек Жапаров Ататүрктүн мавзолейине барды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/65c5d828ca2cc-thumb-1024x683.jpg)
Андан соң ардактуу меймандар китебине кол тамгасын калтырып, мавзолейди көрүп чыкты.
Белгилей кетсек, “Аныткабыр” мавзолейи Мустафа Кемал Ататүрктүн урматына салынган жана ал мамлекеттин коргоосунда.