![Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер. Кыргыз футбол бирлигинин жетекчилигинде кандай өзгөрүүлөр болот? Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер. Кыргыз футбол бирлигинин жетекчилигинде кандай өзгөрүүлөр болот?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/425880497_794818669355192_5397011485685490848_n.jpg)
КФСтин жетекчилигинин жаңы курамына талапкерлер аныкталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-февралда Кыргыз футболдук союзунун Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин Президенти, Биринчи Вице-президенти, Вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.
Буга чейин талапкерлерлик үчүн арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган.
«КФСтин Шайлоо кодексине ылайык, КФСтин бир мүчөсүнөн ар бир бош кызмат ордуна бирден талапкер көрсөтүлөт. Кыргыз футболдук союзунун Президенттик кызматына бир гана талапкер — Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлдү. Аталган талапкерди «Талант» футболдук клубу сунуштады»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы күндө союзда 4 вице президент бар. Алар- биринчи вице-президент Аскар Салымбеков, кийинкиси Дастан Конокбаев, Азат Сакебаев, Канатбек Абдыкадыров.
Мындан ары союздун баш катчысы Нурдин Букуев Аскар Салымбековдун ордуна биринчи вице-президент болсо, вице-президент кызматына Канатбек Абдыкадыров, Акылбек Маматов, Ералханов Д. Б. сунушталууда. Мындан сырткары, Дастан Конокбаев вице-президент кызматында калары айтылууда. Ал Борбор Азия футбол ассоциациясында да биринчи вице-президент болуп иштейт.
Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына төмөнкүлөр көрсөтүлдү:
- Аскар Салымбеков
- Азат Сакебаев
- Айгерим Сабыралиева
- Бахадыр Кочкаров
- Уланбек Ногаев
- Эмил Кутманов
- Асылбек Кадралиев
- Кайрат Эгембердиев
- Максатбек Ишенбаев
- Максим Чо
Учурдагы Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн ичинен 2 гана адам ордун бошотот. Алар- Азат Айдаралиев, Медет Таиров. Калгандары өз ордунда калды. Андан сырткары баш катчы да шайланышы керек.