![Садыр Жапаров адам укуктары жана сөз эркиндиги тууралуу айтты Садыр Жапаров адам укуктары жана сөз эркиндиги тууралуу айтты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/2417883.739280c0a244e5f897379bdd7a04f440.jpg)
Садыр Жапаров адам укуктары жана сөз эркиндиги боюнча социалдык тармактагы баракччасына жазды.
«Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда.
Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет»,- деп жазган прзеидент.
Буга чейин интернет аркылуу №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Асанакунова президентке кайрылып, начар тамак-аш, өлгөн малдын эти келип жактанын, аскерде кызмат кылгандар сабалып жатканын айткан. Бул көйгөйлөрдү көиөрүп чыкканы үчүн ага кугунтуктоо болуп жатканын кошумчалган.