![Жалал-Абадда блогер пара менен кармалды Жалал-Абадда блогер пара менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/95b21281-e6f9-49c8-bd65-531209c53080.jpg)
Опузалап акча каражатын талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т. аттуу блогер кармалды.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2024-жылдын январь айында интернет тармагында блогер аталган Ж.Б.Т., Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган. Андан кийин материалдык пайда алуу максатында, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн «Facebook» социалдык баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган»,-деп айтылат маалыматта.
![Жалал-Абадда блогер пара менен кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/7db0cff1-0475-4009-8e01-036f6e7b6451-768x1024.jpg)
Андан соң Ж.Б.Т. интернетке жүктөлгөн материалды алып өчүрүп салуу үчүн, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Үстүбүздөгү жылдын 6- февралында Ж.Б.Т. КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Белгилей кетсек, буга чейин Ж.Б.Т.нын ушундай эле иш-аракетинин айынан, интернетке терс материал жарыялагандыгы үчүн, “Акипресс” маалымат агенттигинин Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн журналисти каза болгон.
Учурда Ж.Б.Т. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.