![Оштогу банктан ири суммадагы акча уурдаган жаран кармалды Оштогу банктан ири суммадагы акча уурдаган жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/9c994799-6ce1-4434-99b8-ee8227705f9f.jpg)
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын аймагындагы банктардын бирине тиешелүү ири суммадагы акчаны уурдап кеткенге шектүү жаранды кармашты. Мындай маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маадыматка караганда, шектүү 1995-жылы Аксы районунда туулган, Ош шаарындагы банктардын биринде акча ташуучу-курьер кызматында болгон.
«Кечээ, 9-февралда чет өлкөдөн учуп келген убакта, Бишкек шаарындагы «Манас» аба майданынын аймагынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына камсыз болду»,-деп айтылат маалыматта.
![Оштогу банктан ири суммадагы акча уурдаган жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/43de56c0-2da0-4024-b268-ba074bad82bf.jpg)
Сүрөт: Ош ШИИБ
Тиешелүү тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Ош шаарындагы банктардын биринин курьери банктын филиалдарынан акчаларды алып келип, банктын башкы кеңсесине алып кирип жатканда акчаларды кымырып алганы белгилүү болгон.
Ош ШИИБдин маалыматы боюнча, курьер 7 млн 500 миң рубль, 7 миң 620 евро, 11 миң 441 доллар белгисиз жагдайда жок экенин билдирген.
«Уурдоо» фактысы менен кылмыш иши козголуп, Э.Б.га издөө жарыяланган. Ош ШИИБден билдиргендей, тергөө кызматы 28 миң долларды, 2 млн рублду кайтарып алган.