![“Өзбекстан Ислам Кыймылы” террористтик уюмуна мүнөздүү делген материалдарды таратууга шектелген 21 жаштагы жаран кармалды “Өзбекстан Ислам Кыймылы” террористтик уюмуна мүнөздүү делген материалдарды таратууга шектелген 21 жаштагы жаран кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/02/a42f7204-961e-419f-b6df-a7b3c412f949-1.jpg)
Ошто социалдык тармактарда террористтик уюмга таандык материалдарды таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда өздүгү белгисиз болгон жаран Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган террористтик уюмга таандык деп шек жараткан материалдарды активдүү түрдө жайылтып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.
Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде жана тийиштүү экспертизанын кортундусуна ылайык, социалдык тармактарга таратылган материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстан Ислам Кыймылы” террористтик уюмуна мүнөздүү деп табылган.
«Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу 2001-жылы туулган И. уулу И. кармалып, камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.