![Садыр Жапаров муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алды Садыр Жапаров муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/432218742_733388868923405_7094172384304899274_n-1024x649.jpg)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-мартта, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) жаңы шайланган муфтийи Абдулазиз Закировду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын сайты кабарлады.
Маалым болгондой, жолугушууга Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров катышты.
Мамлекет башчысы Абдулазиз Закировду Кыргызстандын муфтийи кызматына шайланышы менен куттуктап, КМДБнын учурдагы ишмердүүлүгүнүн ар кыл маселелери, ошондой эле өлкөнүн алдында пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү темалары көтөрүлдү.
![Садыр Жапаров муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/542851601-1024x717.jpg)
«Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы – светтик жана көп конфессиялуу өлкө, калктын 90 пайызга жакынын мусулмандар түзөт деп баса белгиледи. Ал башка диндерге карата Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырарын, бул баалуулуктарды жайылтууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң экенин айтып өттү»,-деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгын түшүндүрүү боюнча ишине канааттануусун билдирди. Жарандар бара-бара кымбат баалуу мүрзө таштарын жана шаан-шөкөттүү майрамдарды кредитке коюудан баш тартып жатканы белгиленип, Президент ысырапкорчулук көрүнүштөрүн азайтуу үчүн бул ишти улантууга чакырды.
![Садыр Жапаров муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/432277555_733388848923407_487937147932826530_n-1024x696.jpg)
«Муфтий Абдулазиз Закиров өз кезегинде кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Садыр Жапаровду Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле ал Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республиканын бардык аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана кадрлар резервин түзүү пландары тууралуу билдирди»,- деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров жаңы муфтийге өлкө жыргалчылыгы үчүн жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.