![Шайлообек Атазов: "Башкы прокурор, өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, "Раим досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле" Шайлообек Атазов: "Башкы прокурор, өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, "Раим досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле"](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/2491530.a5442659af67bbc9bde8f1c9e3e4602a.jpg)
Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-марттагы отурумунда Шайлообек Атазов фракциянын 10 мүнөт убактысын сурап, сөз сүйлөдү. Анда Атазов Райымбек Матраимов менен кимдердин байланышы бар экенин атады.
«Мен эмне 15 кү дарыланып келсем болбойбу? Ошону да ызы-чуу кылдыңыздар, урматтуу фейктер. «Матраимовго байланышы бар» деп жатасыңар, урматтуу депутаттар, айланып кетейиндер, урматтуу кыргыз элим, бу Матраимовго байланышы жок кайсыл саясатчы бар? Эң чоң байланышы бар жоон тизмени мен азыр айтпай эле коеюн, эки «китти» айтып коеюн, башка майда «балыктарды» айтпай. Башкы прокурор Зулушов, сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө «Раим досум келгиче жебей тургула» деп отурбадыңыз беле. Сиз Зулушов, мына 3 жылдан бери башкы прокурор боулп отурасыз, көрбөй калдыңызбы, эгер ал киши чоң кылмыш ишин жасаса? Же Муфтиятты ачып жатканда эле кармабайт белеңиз.
Мына эки жылдан бери издеп жүрүп, 25 жыл мурун жети метр жер беришти эле, чемпион болуп келгенде, ошону таап алыптыр. Турат, кайра ала беришсин. Ошону пиар кылып жатышат.
Урматтуу кыргыз элим, мен дайым мамлекеттин саясатын колдоп, бардык мыйзамдарды колдоп келдим. Конституцияны колдодум, желекти колдодум, бүт баарын колдодум. Эмне үчүн? Силер айтасыңар, «президентти колдо, Ташиевди колдо» деп, мына жыйынтыгында ушундай болуп жатат.
Өзүмдү төрөгөн апам, бир туугандарым, «эй бала, мына казинону колдобо» дегенине карабай, мен мамлекеттин экономикасы, президенттин саясатын, мамлекеттин өнүгүшү деп колдодум эле. Ошол казинону колдогонумду кечирип койгула, урматтуу кыргыз элим, мен туура эмес кылып койгон экем. Бул жерге Акылбек Жапаров келип айтты: «Колдогула, 2 млрд түшүрөбүз»,- деп. Кечээ карасам, 100 млн сом да түшпөптүр»,-деди Ш. Атазов.
Адал менен арамдын айырмасын жакшы түшүнүп алганыбызда… Алда качан эле буттан турмак Кыргыз эли……