Бир мандаттуу Кара-Суу округунан Жогорку Кеңештин депутаты болууну каалагандардын тизмеси кеңейди. Аталган окуругдан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 4кө жетти.
Талапкерлер 26-мартка чейин арыз менен БШКга кайрылса болот.
Кара-Суу округунан талапкерлигин көрсөткөндөр:
1985-жылы 21-январда туулган Турдубек Орунбаев. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкер, жеке ишкер.
Ажиматов Сталбек Асанович, 1985-жылы 12-ноябрда туулган. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкер, «Евразия Строй Групп» ЖЧКнын директору.
1961-жылы 12-ноябрда туулган Бакир Бакытбек, өзүн-өзү көрсөткөн талапкер, пенсионер, жеке ишкер.
1970-жылы 2-октябрда туулган Бадалов Ганишер Абдуллаевич, өзүнө-өзү көрсөткөн талапкер, жеке ишкер.
Бир мандаттуу Кара-Суу округундагы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоо ушул жылдын 28-апрелине белгиленген.