Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-марттагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Аталган мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.
Жыйынга жалпы 80 депутат катталган. Анын 66сы мыйзам долбоорун колдоп, беш депутат каршы болду.