![Равшан Жээнбековдун 16 млн сомго бааланган 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды,- УКМК Равшан Жээнбековдун 16 млн сомго бааланган 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды,- УКМК](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/b70fa515-7c8a-41a0-a608-593ee4d5db4b-1024x576.jpg)
Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат борбору кабарлады.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.
«Белгилей кетсек, аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.
![Равшан Жээнбековдун 16 млн сомго бааланган 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды,- УКМК](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/455d706d-f48b-42e0-bbd8-ec42b6cc82bc-1024x576.jpg)
![Равшан Жээнбековдун 16 млн сомго бааланган 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды,- УКМК](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/f8098da6-3f8e-4560-ae98-59778c8ef25d-1024x768.jpg)