Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкек шаарынын четине салына турган жаңы стадиондун көрүнүшү кандай болорун өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
https://www.facebook.com/story.php?story_fbid=1218707279098195&id=100028768024648&mibextid=oFDknk
«Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Бишкек шаарына 45 миң орундуу стадиондун курулуш ишин тапшырган. Анын долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды. Буюрса алдынкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз. Долбоорду УКМК төрагасы, Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Кыдыршаевич өз көзөмөлүнө алды»,-деп жазган Каныбек Туманбаев.
Министрлер кабинети буга чейин стадиондун курулушуна Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер ажыраткан. Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 30-августунда жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салган.
Жаңы стадиондун долбооруна ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Анда ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Эки кабат трибуна, анын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот деп айтылган.