Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 99,01% эсептеп чыккандан кийин Орусиядагы шайлоодо азыркы президент Владимир Путин добуштардын 87, 33%ына ээ болгону белгилүү болду. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.
Аталган басылманын маалыматына ылайык, Николай Харитонов (Орусиянын Коммунисттик партиясы) — 4, 31%, Владислав Даванков («Жаңы адамдар»)-3, 79%, Леонид Слуцкий (ЛДПР) — 3,19% добуш алган.
БШКнын кечээ, 17-март Москва убактысы боюнча саат 18:00дөгү маалыматына ылайык, шайлоочулардын жалпы катышуусу 74,22%ды түзгөн.
Владимир Путиндин шайлоодон кийинки мындай жыйынтыгы азыркы Орусиянын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп саналат. 2018-жылкы президенттик шайлоодо Путин 76,69%, 2012-жылкы шайлоодо 63, 6% добуш алган.
Орусияда президенттик шайлоо үч күн бою- 15-17-март күндөрү өттү.