![Бектур Асанов чет өлкөдө дарыланат Бектур Асанов чет өлкөдө дарыланат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/img_20221213_214722-1024x565.jpg)
Саясатчы Бектур Асанов Түркияга барып, дарыланууга соттон уруксат алды. Бул тууралуу бир катар басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Бектур Асановго Биринчи май райондук соту уруксат берген.
Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу иш боюнча убактылуу камакка алынган. Кийинчерээк өлкө аймагынан сырткы чыкпоо талабы менен камактан бошотулган.
Б. Асанов январь айында Улуттук госпиталдан №31 абакка которулган. Улуттук госпиталда анын моюн омурткасына операция жасалгандыгы айтылган.