![Футбол: Кыргызстан-Тайбэй беттешин БАЭлик калыс тейлейт Футбол: Кыргызстан-Тайбэй беттешин БАЭлик калыс тейлейт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/b5dada82-a16a-41fd-a8c7-21b5a7105d46-1024x768.jpg)
2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын алкагында 21-мартта өтө турган Кыргызстан — Кытайлык Тайбэй беттешинде калыстар бригадасын Бириккен Араб Эмираттарынын ФИФА калысы Яхья Али Алмулла жетектейт.
Кыргыз футбол бирлиги кабарлагандай, башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери — Али Рашид Альнуаими жана Сабед Обаид Аль-Али жардам беришет. Жунг Квон (Филиппин аралдары) резервдик арбитр болуп дайындалды.
Оюн Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до старт алат.
Бул жуптун жооптук оюну 26-март күнү Бишкек шаарындагы Д. Өмүрзаков стадионунда болот.