![Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары пара берип жаткан жерден кармалды Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары пара берип жаткан жерден кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/e77b36a8-53af-49a0-96e8-9e6523401daa-1024x758.jpg)
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды. Бул тууралуу атайынкызматтын маалымат борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 13-мартында УКМК тарабынан башкармалыктын кызматкерине пара берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары Б.Т.А. жана башкы адиси С.Б.А. кармалды.
«УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабагандыгы аныкталган.Мындан улам, ээлеген кызматынан четтетүүгө алып келиши мүмкүн болгон мыйзам бузууларды жашыруу үчүн УКМК кызматкерине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Б.Т.А. жана башкы адиси С.Б.А. тарабынан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражат сунушталган»,- деп айтылат маалыматта.
![Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары пара берип жаткан жерден кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/65041c27-0327-4ae7-b365-e7f843e6270e-1024x768.jpg)
Аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам- тергөө иш-чараларынын натыйжасында УКМК кызматкерине «Mbank» электрондук эсеби аркылуу акча каражатын которуу менен 30 миң сом өлчөмүндө пара берүү фактысы аныкталып, шектүүлөр кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
![Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары пара берип жаткан жерден кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/5335e05e-2a31-4472-87ce-1796679377b9-1024x852.jpg)
Учурда бул кылмышты жасоодо Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башка кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
![Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары пара берип жаткан жерден кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/859a620e-4776-4a7f-9ec6-811ba5433116.jpg)
![Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары пара берип жаткан жерден кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/2160452b-8839-47a4-ac6f-2ec1933dfde0.jpg)