![Париж Олимпиадасы: Мээрим Жуманазарова лицензия берүүчү мелдеште күрөшөт Париж Олимпиадасы: Мээрим Жуманазарова лицензия берүүчү мелдеште күрөшөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/1349022.0404c4ef8144219f563884ea3e597357.jpg)
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына тандоочу азиялык лицензиялык мелдешке катышат.
Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарованын жекеме-жеке бетешүүсүнүн натыйжасында Жуманазарова Нуртаеваны акыркы жасаган аракет менен 2:2 эсебинде жеңип, лицензиялык мелдешке катышуу укугун алган.
Олимпиадага жолдомо ыйгарыла турган мелдеш ушул жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Бишкек шаарында өтөт.
Буга чейин Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында жаракат алып, мелдештин аягына чейин катыша албай калган. Анын ордуна Нурзат Нуртаева катышып келген.