![Акылбек Жапаров жылына Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү 10 миң автоунаа чыгара ала турган заводдун курулуш иштери менен таанышты Акылбек Жапаров жылына Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү 10 миң автоунаа чыгара ала турган заводдун курулуш иштери менен таанышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/65f965cddea8b-thumb-1024x683.jpg)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» женил автомобилдерди куроо жана чыгаруу боюнча заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин сайтындагы маалыматка караганда, завод Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат.
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, бул инвестициялык долбоор автомобиль тармагын өнүктүрүүгө жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кызмат кылат. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга продукцияны сатууну колдоо программасын иштеп чыгып, заводдун тез арада ишке киришине шарт түзүүнү тапшырды.
![Акылбек Жапаров жылына Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү 10 миң автоунаа чыгара ала турган заводдун курулуш иштери менен таанышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/65f965ce6ce79-thumb-1024x683.jpg)
«Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт. Ишканада 1 миңден ашык туруктуу жумуш орундары түзүлөт. Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы бир катар ишканаларда, анын ичинде IQF технологиясы боюнча тоңдуруу цехи бар өлкөдөгү биринчи логистикалык борбордо, Бишкек канаттуулар фабрикасында жана Сокулук районундагы бут кийим фабрикасында болду«, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Сокулук районундагы жаңы муниципалдык мал базардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Базарда чатырларды, тосмолорду орнотуу иштери жүрүп, тиешелүү коммуникациялар жүргүзүлүүдө.
![Акылбек Жапаров жылына Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү 10 миң автоунаа чыгара ала турган заводдун курулуш иштери менен таанышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/65f9717ee30d9-1024x683.jpg)