![Ат-Башы РИИБдин кызматкери кармалды Ат-Башы РИИБдин кызматкери кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/433614881_1249764515982554_2492600728123644745_n.730x0.jpg)
Нарын облусунун Ат-Башы райондук ИИБнын жашы жете электер менен иштөө инспектору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМКга Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар келип түшкөн.
«Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Натыйжада, Нарын облусунун Ат-Башы райондук ИИБнын жашы жете электер менен иштөө боюнча участкалык инспектору Д.А.Т. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек шаарынын тургуну Ж.Т.дан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн, андан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Бирок, Д.А.Т. убадасын аткарбай, жыйынтыгында Ж.Т. аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, анын иши сотко жөнөтүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.
![Ат-Башы РИИБдин кызматкери кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/433647111_1249764479315891_5842262763757389256_n.730x0.jpg)
Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Нарын облустук ИИБнын ички иликтөө тобу менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Д.А.Т. Нарын шаарынан кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан Д.А.Т.нын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
![Ат-Башы РИИБдин кызматкери кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/433652833_1249764499315889_7006148013504445938_n.730x0.jpg)