![Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Чолпон-Атага келди Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Чолпон-Атага келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/2505209.2f46529920d52e06b9f4cdb3d5418bb5.jpg)
Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен бирге Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарына келди.
Боксчуну Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков тосуп алып, Чолпон-Ата шаарынын символикасын белек кылды.
Дмитрий Бивол Ысык-Көлгө машыгуу үчүн келгенин, Кыргызстан, анын ичинде Ысык-Көл жүрөгүнө жакын экенин белгилеп,жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады.