![Ош шаарына 100 автобус келди Ош шаарына 100 автобус келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/433678587_748569247461975_576672761334868193_n-1024x683.jpg)
Ош шаарына жаңы 100 даана автобус жана жол оңдоочу техникалар келди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Нооруз майрамынын алкагында жаңы келген автобустар менен жол ондоо үчүн алынган атайын техникалар расмий тапшырылды.
«Алынып келген техникалар жана автобустарды Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” заводунун өкүлдөрү шаар тургундары менен биргеликте көрүп чыгышты»,- деп айтылат маалыматта.
![Ош шаарына 100 автобус келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/433576363_748569304128636_1903005679316833388_n-1024x683.jpg)
Жаңы автобустар Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан лизинг аркылуу алынган. Автобуста жалпы 25 олтургуч болуп, сыйымдуулугу 55-60 жүргүнчүгө ылайыкталган. Жакынкы убакыттарда шаар ичиндеги төрт багыт боюнча каттамга чыгарылат.
![Ош шаарына 100 автобус келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/434078520_748613507457549_300451531519534066_n-752x1024.jpg)
Муну менен катар жол эрежесин бузган жана айып пулун төлөбөй жүргөн же издөөдөгү унааларды аныктоочу беш даана кызматтык авто унаа берилди.
Ал эми атайын техникалар Ош шаарынын жолдоруна жаңыдан асфальт төшөө жана оңдоо үчүн алынды.
![Ош шаарына 100 автобус келди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/433611425_748569437461956_2339287117181517945_n-1024x683.jpg)