!["Ынтымак" командасы "Нооруз-2024" кубогунун ээси болду "Ынтымак" командасы "Нооруз-2024" кубогунун ээси болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/fb_img_1692704642948-1024x683.jpg)
Таластын «Ынтымак» командасы «Нооруз-2024» кубогунун ээси болду. Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн чемпионаттын финалында жогорку лиганын командалары — «Достук» командасы менен Ынтымак командасы кез келген. Натыйжада, 3:2 эсеби менен «Ынтымак» командасы жеңген.
Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү чемпионатын жогорку жана биринчи, экинчи, легендалар лигасынын командалары ортосунда өткөрүлгөн. Экинчи лиганын финалында «Кара-Кулжа» командасы менен «Намыс» командалары жолдомо алып, алардын оюну 13:30 болуп өтөт.
Көк бөрү боюнча чемпионаттын финалдык туру Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антонова айылындагы ат майданында болуп өтүүдө.
«Нооруз-2024» кубогу 12-март күнү Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданында башталган. Анда командалар деңгээлине жараша 4 лигага бөлүнгөн: Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада 16 команда жана Легендалар лигасында 6 команда оюн өткөргөн.
Финалык беттештер: Жогорку лиганын чемпионы «Ынтымак» командасы болду. Экинчи лиганын финалына «Намыс» жана «Кара-Кулжа» командалары чыккан.