![Өлкөдө толкуну 4 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды Өлкөдө толкуну 4 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/zher-titiroo.jpg)
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 9:47де Тажикистандын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган, деп билдирди ӨКМбин маалымат борборунан.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
«Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок»,-д еп айтылат маалыматта.