![Селден улам Арча-Бешик конушундагы 32 үйдү суу каптаган Селден улам Арча-Бешик конушундагы 32 үйдү суу каптаган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/5eea1960-ad0d-469b-909a-93901c04efb0.jpg)
Ушул жылдын 21-мартында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен, 22-мартты караган түнү Манка-Жар коктусундагы селтосмодон суу ашып, Арча-Бешик конушунун айрым көчөлөрүндөгү турак үйлөрдү суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Э. Жусупов жетектеген ыкчам топ, Ленин РМАнын башчысы-акимдин башчылыгында 5 кызматкер, РЭТтен 1бригада, «Бишкек Жашылдандыруу» ишканасынан 1 экскаватор, 1 камАЗ жана 20 кызматкер тартылган.
«Түнү менен таштандыга толуп калган дренаж каналдар тазаланып, турак үйдүн короолоруна кирген суулар сордурулган. Тактоо иштеринин натыйжасында, Арча-Бешик конушунун Азем көчөсүндөгү 6 үйдү, Кара-Кужур көчөсүндөгү 14 үйдү, Жайыл баатыр көчөсүндөгү 4 үйдү, Шербет көчөсүндөгү 8 үйдү суу каптаган. Анын ичинен Азем жана Бердибаев көчөсүндөгү эки үйдүн короосунда суу топтолуп калган»,- деп айтылат маалыматта.
![Селден улам Арча-Бешик конушундагы 32 үйдү суу каптаган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/15376766-e243-45b8-b30e-fcafddb3b33a.jpg)
22-март, саат 12:00гө карата ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жана Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 11 кызматкер 2 мотопомпа менен , Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынан 5 кызматкер, Батыш РЭТтен1 бригада, Бишкек жашыл чарба ишканасынан 2 атайын техника тартылып, Азем жана Бердибаев көчөсүндөгү эки үйдүн короосундагы суу сордурулуп бүттү.
Кошумча маалымат берилет.
![Селден улам Арча-Бешик конушундагы 32 үйдү суу каптаган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/37bb908d-2fad-446c-8cc9-fdbdf9564d70.jpg)
![Селден улам Арча-Бешик конушундагы 32 үйдү суу каптаган](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/afad27f7-180a-4c21-af71-6bb12c68bfa4.jpg)