!["Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуяга тиешеси барлар кармалып, Москвага жеткирилгени айтылууда "Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуяга тиешеси барлар кармалып, Москвага жеткирилгени айтылууда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/bez-nazvanija.jpg)
Орусиянын коопсуздук кызматы жалпы 11 адамды кармады. Анын төртөө «Крокус Сити Холлдогу» терактка тиешеси бар экени айтылууда.
Бул арада ФСБ террористтер орус-украин чек арасынан өтүүнү пландаганын, украин тарап менен контакта болгонун билдирди. Учурда шектүүлөрдү Москвага алып келишкен.
Тергөө комитети каза болгондордун саны 115ке жеткенин билдирди.
«Осторожно, новости» телеграм каналында терактка шектелгендер боюнча видеолор жарыяланды:
https://t.me/ostorozhno_novosti/24618
https://t.me/ostorozhno_novosti/24619
https://t.me/ostorozhno_novosti/24616
«Крокус Сити Холлдогу» кандуу окуядан кийин 60тан ашуун адам каза таап, 145 адам ооруканада жатканы маалым болду. Анын ичинен 9 адам өтө оор абалда экени айтылды.
Кечээ, 22-март күнү Москва облусунун түндүк-батышында жайгашкан «Крокус Сити Холлдун» концерт залында белгисиз адамдар ок атышкан. Андан соң имаратта жарылуунун үндөрү угулуп, өрттөнө баштаган.