![Терактка тиешеси бар делген жарандардын сүрөттөрү жарыяланды. Алар тажик жарандары экени айтылууда Терактка тиешеси бар делген жарандардын сүрөттөрү жарыяланды. Алар тажик жарандары экени айтылууда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/69d45872-651a-4416-8846-4742a00a9132.jpg)
«Крокус Сити Холлдогу» терактка тиешси бар делген жарандардын унаасы Брянск облусунда токтотулуп, эки адам кармалып, төртөө качып кеткен. Бул тууралуу «BAZA» Телеграм каналы жазды.
Телеграм каналдын маалыматына ылайык, унаадан кармалган эки жаран Тажикстандын жарандары экени айтылууда. Азыркы учурда алар менен коопсуздук кызматкерлери иштеп жатат. Аларды терактка катыштыгы бар же жок экени текшерилүүдө.
Учурда качып кеткен төртөөнү кармоо иштери жүрүп жатат.
Бул арада «Осторожно, новости» телеграм каналы «Брянск облусунда токтотулган унаадагы жарандардын сүрөтү болушу мүмкүн» деп төрт тажик жаранын сүрөттөрүн жарыялады.
Төртөөнүн эң улуусунун жашы 51де, эң кичүүсүнүн жашы 21де.
![Терактка тиешеси бар делген жарандардын сүрөттөрү жарыяланды. Алар тажик жарандары экени айтылууда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/69d45872-651a-4416-8846-4742a00a9132-1-843x1024.jpg)
«Алдын ала маалымат боюнча кармалган эки жарандын терактка тиешеси бар экени аныкталды. Унаадан качып кеткен төртөөнү издөө иштери жүрүүдө»,- деп жазат «Осторожно, новости».
![Терактка тиешеси бар делген жарандардын сүрөттөрү жарыяланды. Алар тажик жарандары экени айтылууда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/0d295385-1a7d-4dc0-b7fd-da86e2428d90-1024x785.jpg)
«Крокус Сити Холлдогу» кандуу окуядан кийин 60тан ашуун адам каза таап, 145 адам ооруканада жатканы маалым болду. Анын ичинен 9 адам өтө оор абалда экени айтылды.
Кечээ, 22-март күнү Москва облусунун түндүк-батышында жайгашкан «Крокус Сити Холлдун» концерт залында белгисиз адамдар ок атышкан. Андан соң имаратта жарылуунун үндөрү угулуп, өрттөнө баштаган.