![Алдамчылыкка шектелип "Буга" жана "Макиш" соода борборлорунун ээси кармалды Алдамчылыкка шектелип "Буга" жана "Макиш" соода борборлорунун ээси кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/46f096e3-f465-4d0c-8222-59fe12df0956-1024x771.jpg)
Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарларынын ээси Р.А.Т. кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалды.
Кармалган Р.А.Т. узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн соода базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.
![Алдамчылыкка шектелип "Буга" жана "Макиш" соода борборлорунун ээси кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/3ce0491b-2478-4f4e-9aef-13206a8657cc-1024x771.jpg)
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталып, анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу турдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына, аянты 1,14 гектар, наркы 233 млн. сомдон ашык «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары өткөрүлүп берилди.
![Алдамчылыкка шектелип "Буга" жана "Макиш" соода борборлорунун ээси кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/e2a6d46c-ed82-4e99-83c1-08cb537bb45f-1024x771.jpg)
![Алдамчылыкка шектелип "Буга" жана "Макиш" соода борборлорунун ээси кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/fdf7befb-e511-4479-822b-235ae6fd51ab-1024x771.jpg)