Ош шаардык соту Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдорду камакта калтырды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка карганда, алардын баш каргоо чарасы кечээ, 27-март күнү Ош шаардык сотуна каралган.
Айыпталуучу Матраимов Тилек Исмаиловичке карата Кылмыщ-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, этиясыздыктан оор залал келтирген жоосун) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 26-апрелине чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду.
Ош шаардык сотунун 27-марттагы токтому менен УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.Б.нын өтүнүчү канааттандырылды.
Аыпталуучу Матраимов Руслан Исмаиловичке карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренсинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу ) каралаган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 18-майына чейин камакка алуу боюнча бөгөт чарасы колдонулду.
Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 27-марттагы токтому менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А.М.нын өтүнүч каты канааттандырылды.
Айыпталуучу Матраимов Исламбек Исмаиловичке карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренсинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча, өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө жасалган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу ) каралаган кылмышты жасагандыгы үчүн 2024-жылдын 18-майына чейин камакка алуу боюнча бөгөт чарасы колдонулду.
Бир тууган Матраимовдор Азербайжандын Баку шаарынын Бишкек шаарына алып келинген.
Райымбек Матраимовго УКМК ушул жылдын 28-январында издөө жарыялаганы маалым болгон. Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүмү (мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө катышуу) кылмыш иши козголгон.