![Кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын алгачкысы ишке кирди Кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын алгачкысы ишке кирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/432167157_795684109272314_3964980777006380718_n-1024x577.jpg)
28-мартта Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл аймагындагы Спартак жалпы орто билим берүү мектебинин базасында кыска мөөнөттүү (3 сааттык) бала бакча расмий түрдө ачылды. Бул – өлкө боюнча түзүлө турган кыска мөөнөттүү 560 бакчанын бири. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмү кабарлады.
![Кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын алгачкысы ишке кирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/432207740_795683632605695_3704031294797034469_n-1024x577.jpg)
Маалыматка караганда, бакча бир тайпага ылайыкташып, мында эки нөөмөттө (түшкө чейин жана кийин) 50 бала тарбияланат.
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоору бакча үчүн бардык шартты түзүп берди:
- эки бөлмө толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү;
- айнек, эшиктери алмаштырылды;
- балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-гигиеналык шарт түзүлдү;
- килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары берилди;
- балдар аянтчасы орнотулду.
Москва районунда жалпы кыска мөөнөттүү 16 бала бакча түзүлөт. Алар апрель айында бөбөктөр үчүн эшигин ачат.
«Иш чарага райондун акими, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн жетекчилиги, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
«Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат»,- деп айтылат маалыматта.
![Кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын алгачкысы ишке кирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/432148862_795683849272340_2397808017898121886_n-1024x577.jpg)
Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.
![Кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын алгачкысы ишке кирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/432113517_795683879272337_3179741029756862257_n-1024x577.jpg)
![Кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын алгачкысы ишке кирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/432162090_795683495939042_7725688555772773677_n-1024x577.jpg)
![Кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын алгачкысы ишке кирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/432152865_795683959272329_833524726768239350_n-1024x577.jpg)