Жалпы аянты 0,46 гектар, базар баасы 307 млн 135 миң 118 сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, УКМК мыйзамсыз берилген мамлекеттик жерлерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Араван районундагы стадиондун жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады.
«Тактап айтканда, КР Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы “Юридикалык же жеке жактарга социалдык инфраструктура объекттерин менчиктин жеке же башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө» Жарлыгын бузуу менен, 2001-жылы Араван А/Ө айылдык кеңеши тарабынан лицей жана спорт комплексин куруу үчүн, Араван айылындагы жалпы аянты 0,46 гектар болгон райондук стадиондун жерин жеке жактарга бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарылгандыгы такталды»,- деп айтылат маалыматта.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы базар баасы 307 млн 135 миң 118 сомду түзгөн аталган жер тилкеси жана анын аймагында жайгашкан, спорт жана билим берүү мекемелери мамлекеттик балансына кайтарылды.