![БШКнын төрайымы Ош округунун талапкерлери менен жолукту БШКнын төрайымы Ош округунун талапкерлери менен жолукту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2525522.785fd8bff7077f39d54ccd9271a7227c.jpg)
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош округунун талапкерлери менен жолукту.
Жыйындын жүрүшүндө Ош жана Кара-Суу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелер талкууланып, шайлоодогу эрежелер айтылды.
БШКнын төрайымы шайлоо процесси, эрежелери тууралуу айтып, талапкерлер шайлоо мыйзамдарын бузган учурда эскертүү берилип, айып пул салынып, андан кийин тизмеден четтетилерин айтты.
Жогору Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген.
![БШКнын төрайымы Ош округунун талапкерлери менен жолукту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2525270.78b4b45abeb271bc81cd1dcfc00ea64a.jpg)
![БШКнын төрайымы Ош округунун талапкерлери менен жолукту](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2525502.4373093d7a7fa2353fd0176c83a0f29c.jpg)