![Оор жүк ташыган унаалардын айдоочулары өзбек тарап чет өлкөгө уруксат берүүчү документтердин режимин киргизгение нааразы болуп чыгышты Оор жүк ташыган унаалардын айдоочулары өзбек тарап чет өлкөгө уруксат берүүчү документтердин режимин киргизгение нааразы болуп чыгышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/54e4cb9c-0f91-4894-9783-6895a3c95e44-1024x576.jpg)
Бүгүн, 2-апрель күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгында оор жүк ташуучу унаалардын жүздөн ашык айдоочулары чогулушту.
Алар Кыргызстан Өзбекстанга жүк ташуучу унаалары үчүн коридор бергенин, бирок, бүгүнкү күндө өзбек тарап чет өлкөдө уруксат берүүчү документтин негизинде гана кыргыз айдоочулары өтүшү керектигин билдирген.
Мүчөлүгүндө миңдей айдоочу бар «Айдоочулар коомунун» төрагасы Надырбек Токторов үч өлкө- Кыргызстан, Өзбекстан КЭРдин өкмөттөр аралык протоколунун негизинде ар бир өлкөгө 500дөн унаага жүк ташууга уруксат берилген. Аны менен кошо Өзбекстандын оор жүк ташуучу унаалары кошумча жүк жүктөө актысы менен да күнүнө 100дөй унаа жүк ташып жатат. Кечээ, 1-апрелден баштап өзбек тарап кыргыз айдоочулары үчүн чет өлкөгө жүк алып кирүүгө уруксат берген документтердин режимин киргизген (дозвол),бирок, кыргыз тарап өзбек айдоочуларына чет өлкөгө жүк алып кирүүгө уруксат берген документтердин режимин киргизген эмес. Мунун натыйжасында жумуш орундары кыскарып жатат.
«Өзбек тарап бүгүнкү күндө дозвол талап кылып жатат. Биздин кыргыз тарап да дозвол сурабай эле, квотаны эске албай эле, алардын айдоочуларын киргизип жатышат. 2018-жылы үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон протоколго ылайык, өзбек тарапка Кыргызстанга, Кытайга киргенге 500 эле квота берилген. Бизге да Өзбекстанга киргенге 500 квота бар. Бүгүнкү күндө өзбек айдоочуларга биз жакка тынымсыз, дозволу жок кирип жатат. Биз кирели десек, «квота бүттү, 500 унаанын квотасы бүттү» деп коюшат. Биз ошол 2018-жылы Ташкентте кол коюлган протокол кайрадан иштешин талап кылабыз»,- деди Н. Токторов.
![Оор жүк ташыган унаалардын айдоочулары өзбек тарап чет өлкөгө уруксат берүүчү документтердин режимин киргизгение нааразы болуп чыгышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/57964911-1bdd-43f9-9ab5-1a9f38b5bc1c-1024x577.jpg)
Нааразылыкка чогулган айдоочулардын лидерлери менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Бакай Жолдошбаев, Транспорт департаментинин директору Тариэл Кельдибеков, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жыйын кылышты.
Жыйындын жүрүшүндө айдоочулар Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевге кайрылуу кат жолдошту.
Кайрылуу катта айтылгандай, 2018-жылы Ташкентте кол коюлган үч өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн протокол аткарылбай, өзбек айдоочуларына эркиндик берилгени, алар сыяктуу эле кыргыз тараптын айдоочуларына эркиндик берилиши керектиги, өзбек айдоочулары да дозвол менен кириши керектиги талап кылышкан.
Бүгүнкү күндө өзбек айдоочулар дозволу жок Кыргызстанга кирип чыгууда.
![Оор жүк ташыган унаалардын айдоочулары өзбек тарап чет өлкөгө уруксат берүүчү документтердин режимин киргизгение нааразы болуп чыгышты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/bedee738-c1f5-415f-bac9-c1639a54a5c1-1024x576.jpg)
2018-жылдын башында Ташкент шаарында кабыл алынган протоколго ылайык, үч өлкө- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан өлкөлөрү аркылуу ар бир өлкөгө 500 квота берилген.
Учурда Кытайдан Өзбестанга кете турган жүк Кара-Суу районунун Каратай айылындагы бажы терминалына түшүрүлүп, оор жүк ташуучу унааларга жүктөлөт. Аталган бажы терминалынан өзбекстандык айдоочу жүк жүктөсө акт түзүлүп, анын негизинде Өзбекстанга кирип-чыгып турган. Учурда кыргыз айдоочулары үчүн өзбек тарап уруксат бланктар режимин киргизген.