![Президент "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамына кол койду Президент "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамына кол койду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/photo1712039478.730x0.jpeg)
Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, мыйзам 2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
«Мыйзамдын максаты- коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдардын жана чет өлкөлүк булактардан – чет өлкөлүк мамлекеттерден каржылануучу, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана көрсөтүлгөн булактардан (мамлекеттин катышуусу бар ачык акционердик коомдорду жана алардын туунду коомдорун кошпогондо) башка мүлктөрдү алуучу уюмдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган»,- деп айтылат маалыматта.
Мыйзам менен коммерциялык эмес уюмдун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга ылайык келишин контролдоо максатында Мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын төмөнкүдөй ыйгарым укуктары каралат:
– коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескөө документтерин суратууга;
– мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан коммерциялык эмес уюмдардын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;
– коммерциялык эмес уюм өткөрүүчү иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө;
– ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте коммерциялык эмес уюмдун ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча ишинин анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга шайкештигине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.
Аталган мыйзамга кол койгондон кийин президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу жарандарга кайрылып, буга чейин бейөкмөт уюмдар эч жерден каттоодон өтпөй туруп эле ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келгенин жазды.
https://www.facebook.com/japarov.sadyr/posts/2637011866473726?ref=embed_post
Буга чейин адам укугу, сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырган. АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери тынчсыздануусун билдиргенин «Азаттык» жазган.