![Үн чыгаруучу граната, Калашников автоматынын патрондору. УКМК Жети-Өгүздөн курал-жарак сакталган жай тапты Үн чыгаруучу граната, Калашников автоматынын патрондору. УКМК Жети-Өгүздөн курал-жарак сакталган жай тапты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/8af23a6e-b67b-4dbe-8753-e290baee9d0e-1024x576.jpg)
Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды. Мындай маалыматты УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу боюнча активдүү иш-чараларды улантууда.
«2024-жылдын 30-мартында УКМКнын Чек ара кызматынын сапёрлор тобунун катышуусу менен жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы эски сүт-товар фермасынын аймагынан курал жарак сакталган жашыруун жер аныкталып, андан “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол гранатасы, 2 даана чет өлкөлүк жарык-үн чыгаруучу граната, 4 түтүн бомбасы, 7,62х54 калибрдеги снайпердик курал үчүн 16 патрон жана 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табылган»,- деп айтылат маалыматта.
![Үн чыгаруучу граната, Калашников автоматынын патрондору. УКМК Жети-Өгүздөн курал-жарак сакталган жай тапты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/7da3c0af-466e-4b77-b94f-de62811997f1-1024x576.jpg)
Мындан улам, аталган факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иликтөө иштери башталды.
![Үн чыгаруучу граната, Калашников автоматынын патрондору. УКМК Жети-Өгүздөн курал-жарак сакталган жай тапты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/a96241d4-0238-447e-9430-2c8d56562b12-1024x576.jpg)
![Үн чыгаруучу граната, Калашников автоматынын патрондору. УКМК Жети-Өгүздөн курал-жарак сакталган жай тапты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/17c56317-e245-42bd-96c6-a04125d35b76-1024x576.jpg)