![Бишкекте коммерциялык объектерди мыйзамсыз куруу боюнча 4 адам кармалды Бишкекте коммерциялык объектерди мыйзамсыз куруу боюнча 4 адам кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/903e89dc-626a-418f-ad22-fefd408da094-1024x768.jpg)
Муниципалдык жерлерге коммерциялык объекттерди мыйзамсыз тургузуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул маалыматты УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында, муниципалдык органдардын кызмат адамдары тарабынан аянты 0,0921 га (9,2 сотых) муниципалдык жерге, дареги: Бишкек шаары, 7 мкр. 41а (Юнусалиев көчөсүнүн боюнда) жеңилдетилген типтеги соода объекттерин мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды.
![Бишкекте коммерциялык объектерди мыйзамсыз куруу боюнча 4 адам кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/21d3fa7f-de4d-461c-bd67-bc94c7a88981-1024x768.jpg)
Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында КР жараны Д.М.А. ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, 2017-жылы жеңилдетилген типтеги коммерциялык объекттерди (тез тамактануучу жайлар, дүкөндөр ж.б.) тийиштүү ижара келишими жок жана уруксат берүүчү документтери жок туруп, муниципалдык тилкеге ижарага берүү үчүн мыйзамсыз кургандыгы такталды.
![Бишкекте коммерциялык объектерди мыйзамсыз куруу боюнча 4 адам кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/3ecd29ff-0838-4ca3-bdd3-d3fad6c7ae9c-1024x768.jpg)
«Ошол эле учурда мыйзамсыз соода объектилерин жашырып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары системалуу негизде акчалай сый акы алышкан. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары аталган коммерциялык объекттердин курулушу аяктап, иштегенден 6 жыл өткөндөн соң, иштөөсүнө жарым-жартылай мыйзамдуулук берүү максатында «соода-сервистик, оюн-зоок комплексине жана мейманкана номерлери бар кафеге көрктөндүрүү үчүн» функционалдык багыты менен 2023-жылдын июлунда Курулуш жана өз алдынча бирдикке бөлүү укугусуз бир жылга ижара келишимин түзүшкөн»,- деп айтылат маалыматта.
![Бишкекте коммерциялык объектерди мыйзамсыз куруу боюнча 4 адам кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/93adc138-8d36-4395-8d7d-3cbe12ef2f62-1024x768.jpg)
Козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, аталган соода жайынын ээси Д.М.А. жана анын бизнес өнөктөштөрү Б.А.М., Ж.Ж.М. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
![Бишкекте коммерциялык объектерди мыйзамсыз куруу боюнча 4 адам кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/e456a409-a3ee-4fad-9c09-6bb3dad161b8-1024x768.jpg)
Учурда аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана күнөөлүүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүү тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет.
![Бишкекте коммерциялык объектерди мыйзамсыз куруу боюнча 4 адам кармалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/e41455ae-c79f-4583-a7a0-71dd87c8d212-1024x768.jpg)