![Ош ТУда “Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форумунун облустук туру өткөрүлдү Ош ТУда “Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форумунун облустук туру өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2485f99d-297f-4aed-8c76-62ed5f1ed280-1024x681.jpg)
“Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык жаштар форумунун Ош областтык сынак туру 2024-жылдын 2-апрель күнү М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин базасында өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, форумга Кыргызстандын, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн 10 жаштан 18 жашка чейинки окуучу жаштардын өкүлдөрү: мектеп окуучулары, ЖОЖдордун 1,2,3-курстарынын студенттери катышты.
«Иш-чаранын ачылышында Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талант Арстанкулов, Облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Р. Назаров, ОшТУнун ректору Ж. Турсунбаевдер катышкан.
![Ош ТУда “Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форумунун облустук туру өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/b5a8f326-c1c2-445d-90b1-1a0a317de831-1024x681.jpg)
«Сынакка коюлган эмгектерди калыс баалоо иши ОБЧБ кызматкерлери менен ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынан биргелешип түзүлгөн компетенттүү топ тарабынан жүргүзүлүп, жыйынтыгында жеңүүчү аталган окуучулар ОшТУнун ыраазычылык каттарына, баалуу белектерине ээ болушту»,- деп айтылат маалыматта.
Байгелүү орунга ээ болгон окуучулар Бишкек шаарында өтүүчү эл аралык форумда облус намысын коргошот.
![Ош ТУда “Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форумунун облустук туру өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/0c63e6b5-3b38-412c-b4c8-f06ced893d71-1024x681.jpg)
![Ош ТУда “Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форумунун облустук туру өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/10865e2a-d243-4e29-a07e-0295daff2384-1024x681.jpg)
![Ош ТУда “Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форумунун облустук туру өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/70769d2c-2f81-4261-a7b5-5979f58a413e-1024x681.jpg)
![Ош ТУда “Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форумунун облустук туру өткөрүлдү](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/9bbd1f83-e03f-4b46-851f-4f51686579ae-1024x681.jpg)