![Ошто 5 жаран экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты Ошто 5 жаран экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/af102f14-c439-4807-a08e-d9a333778e92-1024x768.jpg)
Сүрөт экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйында тартылган
Ош облусунун жашоочулары экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 25-мартынан 3-апрель күнүнө чейин Ош облусунун аймагында УКМК менен биргеликте ведомстволор аралык “Экстремист” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү.
«Анда Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондорунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйындар болуп өттү. Милиция кызматкерлери УКМК менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында Өзгөн районунун 1971-жылы туулган Э.К., 1972-жылы туулган С.А., 1976-жылы туулган М.Ш. аттуу тургундары жана Кара-Суу районунун 1969-жылы туулган И.А., 1972-жылы туулган И.И тургундары «Хизб-ут-Тахрир» (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) экстремисттик уюмунун мүчөсү болуудан өз каалоосу менен баш тартышты», -деп айтылат маалыматта.
![Ошто 5 жаран экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/188b1f2a-98fe-4e8d-b060-3619e87c7fd5-1024x768.jpg)
Алар «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгү туура эместигин айтып, жарандарды аталган уюмга кошулуудан алыс болууга чакырышты.
![Ошто 5 жаран экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/79bd0874-b2ad-4ee4-8dd2-e8f91923e4c8-1024x768.jpg)
![Ошто 5 жаран экстремисттик уюмга мүчө болуудан баш тартты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/050b6ba6-66e9-49e5-9fdd-57fb73822d32-1024x768.jpg)
Сүрөт: Ош ОИИБ