![«Балабыз үчүн баарына даярбыз»: Москвада кармалган жигиттин ата-энеси президентке кайрылды «Балабыз үчүн баарына даярбыз»: Москвада кармалган жигиттин ата-энеси президентке кайрылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/c5b30dee-7424-4ef3-a6a5-240ef7035360.jpg)
23 жаштагы Нурмухаммед Токобаев 1-апрель күнү Россия Федерациясынын Москва шаарында баңгизат менен кармалып калган. Мындай маалыматты кармалган жигиттин ата-энеси бүгүн, 4-апрель күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.
Алардын айтымында, баласы Нурмухаммед Токобаев өткөн жылдын ноябрь айында иштөө үчүн Москвага кеткен. Аталган шаарда курулуш тармагында, жүк жеткирип берүү кызматтарында иштеген. Чынында окуя кандай болгон, баласы кантип, кайдан кармалаганы боюнча аларда толук маалымат жок.
Апасы Гүлсанам Зулпукарова 2-апрель күнү түнү баласы жактоочусунун телефону менен байланышка чыгып, 2 айдан кийин аны орус-украин согушуна жөнөтүшөрүн айткан.
![«Балабыз үчүн баарына даярбыз»: Москвада кармалган жигиттин ата-энеси президентке кайрылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/f7e23d2a-4dc6-4e23-bda5-0afd979afc95-1024x576.jpg)
«Мен Ош шаарынын туругуну болом. Балам Нурмухаммед Токобаев 2003-жылы туулган. Өткөн жылдын ноябрь айында Москвага иштегени барган. Жүк жеткирүү кызматында иштегенине бир ай болгон экен. Буга чейин курулуш тармагында да иштеген. Жүк ташып иштеп жүргөн учурунда эле, күч органдары кармап алышыптыр. Кандай кылып кармалып калганын деле толук билбейбиз. Чөнтөгүнө баңгизат салып коюшканбы, ал жагы бизге караңгы болуп турат. Балабыз менен эч ким сүйлөштүргөн жок. Жактоочунун номери деп, жактоочунун номери менен гана бизге эки ооз кеп айтты. «Мен ушинтип кармалып калдым»,-деди. «Чындап эле ушундай кылдыңбы?» десек, «кечирип коюңуздар» деп эле ыйлады. «Мен кылган жокмун, аз эле болду эле иштегениме, билген деле жокмун» деди. Башка сөз сүйлөткөн жок. «Апа, узак сүйлөй алабайм» деп өчүрүп койду. Ошондон бери кайда басарыбыз, эмне кыларыбызды билбей, аргасыздан маалымат жыйын берип жактан учурубуз. «Мени 2 айдан кийин Украинага алып кетебиз деп жатышат» дегенде эле телефонду алып, өчүрүпкоюшту. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, биздин ушул маселебизге жардам берип коюңуздар. Балам баңгизат менен кармалып калды. Аны бирөө салып койгонбу, куруу доомат кылып коюшкан окшойт»,-деди Г. Зулпукарова.
Атасы Барчынбек Зулпукаров баласы үчүн баарына даяр экенин, аны Орусиянын абагынан Украинадагы согушка жөнөтүп жибериши мүмкүн экенин белгиледи.
![«Балабыз үчүн баарына даярбыз»: Москвада кармалган жигиттин ата-энеси президентке кайрылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/940d1faf-77db-4185-acbe-1f78b0465d64-1024x576.jpg)
«Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, биздин башыбызга өтө оор иш түшүп турат. Балабыз «силер мигрант болуп жүрүп бизди багып, кыйналдыңыздар, эми мен чоңойдум, силерди мен багайын» деп иштегени кеткен эле. Баламды Москвада баңгизат менен карматышып, камап коюшуптур. Бул иш карапайым эл-журтка деле белгилүү. Баламга куруу доомат кылып эле, Украинага даярдап жатышат окшойт. Мындай окуя элде толтура экен. Азыр бизге жашоо караңгы болуп калды. Жашообуз татыбай калды. Биз башка жолдорго барбайлы. Акыл-эсибиз менен кайрылайы. Анан эч бир жардам болбогон соң дүйнө жүзүнө сенсация боло тургандай иш ылганга даярбыз. Бизди сүйлөп калат деп ойлошпосун. Кандай кылып дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн окуя жасаганга акылыбыз жетет. «Кыйналып баккан балабызды жоготуп алдык да» дегенден көрө, кыйналбай өлгөнүбүз артык болот бизге. Жакшы болот, жеңилирээк өлөбүз.
Урматтуу арезидент, Урматтуу Камчыбек Ташиев, бизге жардам берүүңүздөрдү суранабыз»,-деди Б. Зулпукаров.