![Бишкек ШИИБдин 4 кызматкери пара талап кылуу фактысы менен камалды Бишкек ШИИБдин 4 кызматкери пара талап кылуу фактысы менен камалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/46b4f6fe-07c8-4d4d-bb51-2d9439e620fc.jpg)
Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИБнин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 160 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Б.М., Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран кармалды.
![Бишкек ШИИБдин 4 кызматкери пара талап кылуу фактысы менен камалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/8f119022-d552-4d61-b075-b05f96e49e64-1024x586.jpg)
«Тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын кызматтык бөлмөлөрүндө пара катары алынган 80 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын бир бөлүгү, ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан төлөнгөн чектер жана квитанциялар) табылып алынган»,- деп айтылат маалыматта.
![Бишкек ШИИБдин 4 кызматкери пара талап кылуу фактысы менен камалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/487644b6-e876-45f5-9c7f-33576d89b00b-1024x768.jpg)
2024-жылдын 3-апрелинде жогорудагы адамдар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК ИИМ жетекчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасында укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
![Бишкек ШИИБдин 4 кызматкери пара талап кылуу фактысы менен камалды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/bfd6e842-bc6e-4f39-89fa-5e73e77a7550.jpg)