![Кыргызстанда жетим балдарга мамлекет 500 миң сомдон берет Кыргызстанда жетим балдарга мамлекет 500 миң сомдон берет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/7008a7ab-8524-4f2f-82b5-70bdc2153184-1024x683.jpg)
Кыргызстанда мындан ары 18ге чыккан тоголок жетим балдарга 500 миң сом акчалай жардам берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Улуттук университетинин студенттери жана профессордук-окутуучулар жамааты үчүн окуган меймандык лекциясында билдирди.
“Жакында Садыр Нургожоевич чечим кабыл алды. Мага келген маалыматтар боюнча, 18 жашка чейин 2 миңге чейин экен, булардын баарына Айыл банктан эсеп ачып атабыз. Алар 18ге чыкканда 500 миң сомдон берип турабыз. Булар окуу жайга же ипотекага төлөй алышат. Ушул боюнча Указ да чыгып, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизебиз”,-деди А.Жапаров.
![Кыргызстанда жетим балдарга мамлекет 500 миң сомдон берет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/84856a90-392c-4458-b99a-75eb336cbabf-1024x683.jpg)
Ал эми өлкөдө 3600дөй тоголок жетим студент бар экинин белгилеген Жапаров, тизмеси такталса, аларга да колдогонго даяр экендигин кошумчалады.