![Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссиянын курамы өзгөрөт Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссиянын курамы өзгөрөт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2527350.21c58ff6b4e074be116eb7104de024be.jpg)
Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы өзгөрө турган болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.
Ал бул комиссиянын курамын өзгөртүп, өзү комиссияны жетектөөдөн баш тартарын айтты. Анын айтымында, комиссияны жетектөөдөн баш тартуусунун себеби, маселени өзү көтөрүп чыкканын, комиссиянын курамындагы депутаттар бүт Кыргызстандын түштүгүнөн болорун, андыктан комиссиянын курамы, жетекчиси да алмашышы керектигин айтты.
Натыйжада депутаттар бир добуштан депутаттын сунушун колдоду.
Кечээ, 3-апрель күнү Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшаналиев тууралуу бир катар пикирлерди айтып, аны «черный хирург» деп атап, кадр кызматын чечип жаткан жардамысы УКТнын мүчөсү экенин, миңдеген доллар алып, кадр маселесин чечип жатканын, Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдырахмановду «кошолек» деп атап, министрдин бир катар коррупциялык иштери бар экенин билдирген болчу.
Ош жаңырыгы гезитине ийгиликтерди каалайбыз!