![Чочконун бөйрөгү коюлган биринчи адам ооруканадан чыкты Чочконун бөйрөгү коюлган биринчи адам ооруканадан чыкты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2531701.467057dc782a52b0cd58d85a62cf888a.jpg)
Сүрөттө Ричард Слейман өзүнүн досу жана дарыгерлер тобу менен
АКШда 62 жаштагы Ричард Слейманга чочконун генетикалык өзгөртүлгөн бөйрөгү трансплантациялангандан кийин Массачусетс ооруканасынан чыкты. Ага мындай операция 2 жума мурун жасалган жана операциянын узактыгы 4 саатты түздү, деп жазат «Би-би-си».
Чочконун генетикалык өзгөртүлгөн органдарын адамдарга көчүрүү иштери мурда ийгиликтүү аяктаган эмес. Ричард Слеймандын окуясынан кийин окумуштуулар бул процессти трансплантация чөйрөсүндөгү тархыйы окуя деп аташкан.
Слейман бөйрөк оорусу менен алышып, көп жылдан бери гемодиализге муктаж болуп келген. Дарыгерлер 16-март күнү төрт саттык операциядан кийин чочконун генетикалык өзгөртүлгөн бөйрөгүн ийгиликтүү көчүрүшкөн. Дарыгерлердин айтымында, чочконун бөйрөгү жакшы иштеп жатат жана ал азыр гемодиализге муктаж эмес.
«Мен досторум менен, үй-бүлөм менен кайра убактымды бирге өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонума ыраазымын. Көп жылдар бою гемодиализге муктаж болуп, ошону менен жашап келгем»,- деген Р. Слейман.
2018-жылы Слейманга каза боулп калган адамдын бөйрөгүн трансплантация кылышкан. Бирок, анын бөйрөгү бир жылдан кийин өз милдеттерин жакшы аткарбай калган. Ошол учурда дарыгерлерге адамга чочконун бөйрөгүн коюу идеясы келген.
«Мен бул идеяны өзүмө жардам берүү катары эмес, аман калуу үчүн трансплантацияга муктаж миңдеген адамдарга үмүт берүүнүн жолу катары кабыл алдым»,- деген Р. Слейман.
![Чочконун бөйрөгү коюлган биринчи адам ооруканадан чыкты](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2531705.705088f1ff60e81ef0125544d41a1dfb.jpg)
Адамдын организми менен шайкеш келтириш үчүн генетикалык өзгөртүлгөн чочконун бөйрөгү
Слейманга коюлган бөйрөктү Кембридж фармацевтикалык компаниясы (eGenesis) адамдын денесине ылайык кылып өзгөртүп берген. Дарыгерлер: «чочконун зыяндуу гендерин алып салып, адам денеси менен шайкеш келтирүү үчүн кээ бир адамдардын гендери кошулду»,- деген.
Окумуштуулар буга чейин чочконун жүрөгүн адамдарга транплантациялоо иштерин эки жолу жүргүзгөн. Бирок, ал адамдар бир нече аптадан кийин кайтыш болушкан.