6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 4:00дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гумжардам кербенин министр, генерал-майор Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты.
«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган. Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет»,- деп айтылат маалыматта.
Өлкөнүн атынан кетип жаткан гумжардам кербени ӨКМ тарабынан ишке ашат.
Казакстандагы суу каптоодон улам 16 миңдей эл, 6000 жаш балдар эвакуацияланган. Убактылуу пункттарында 4миңден ашуун жаран, анын 200дөй бала жайгашкан.