![Өзбекстанга сапар: Кудаярхандын ордосу, туристтерге койнун ачкан Паркент Өзбекстанга сапар: Кудаярхандын ордосу, туристтерге койнун ачкан Паркент](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/img_8684-1024x683.jpg)
Өткөн жума Өзбекстандагы туристтик компаниялардын чакыруусу менен Оштогу бир нече адамдан турган журналисттер тобу, Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери, Ош шаарынын туристтик дареметин көрсөтө алчу тур.фирмалардын өкүлдөрү менен бирге Ташкент шаарына жакын жайгашкан Паркент аймагына барып келдик. Эмесе, жол катар көзүбүз менен күбө болгон окуяларды төмөндө кеп кылып берейин.
24-март күнү Оштогу журналисттер тобу, мэриянын өкүлү, турфирмалардын өкүлдөрү менен биргеликте «Достук» чек ара бекетинен өтүп, бизди күтүп алган андижандык таксисттер менен жолго чыктык. Биздин убакыт боюнча күндүзгү 11:30да, жеригилктүү убакыт менен 10:30да (мындан ары Ташкент убактысы менен гана жүрөбүз) «Достуктун» Андижан тарабынан сапарга аттандык.
Чү дегенде эле адатыбызча журналисттерди алып бараткан таксист киши менен жакындан таанышууга өттүк. Таксисттин айтымында, бири нече жылдан бери Андижан-Ташкент каттамы боюнча адамдарды ташып, анын ичинен акыркы жылдары жалаң кыргызстандык туристтерди көп ташып жатыптыр. Анан калса унаасында койгон ырлары бүт кыргызча.
«Акыркы учурларда кыргызстандык туристтерди, Өзбекстанга келген кыргызстандыктарды көп ташып калдык. Ошондуктан, менин унаамдагы флешкага жазылган ырлардын 90 пайызы кыргызча ырлар же, эки элге сиңип кеткен өзбекче, кыргызча ырлар болуп саналат»,- деди таксист аке.
Ал аңгыча Андижанды айланып өткөн, Ташкентке кетчү жолго жакындашып калдык. Бу сапар унаанын артында отурган Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Жылдызбек Болотбеков жол жээгин карап, Оштун жолдору менен салыштырууга өттү. Биринчи кезекте эле Ош шаарын таза суу менен камсыз кылган долбоор боюнча айтып, чоң трассанын жээгиндеги троутарлардын тосмолорун көрүп: «Тигине-е, карагыла, тротуардын тосмолору темир тосмо, тосмо андай деле бийик эмес, тосмолордун 2-3 метр ортолоруна бышкан кыштан анча бийик эмес дубал урулуп, үстү тунике менен, кылдаттык менен чатырланган. Бул идеяны Ошко «уурдап» кетиш керек экен»,- деп сүрөткө да тартып алды.
Бул арада Ташкентти карай кеткен чоң жолго көз чаптырып бараттык. Кең жол, Ташкентке кетип жаткан тарабы эки же үч паласа, Ташкенттен кайтып келе жаткан тарабы да ошондой. Жолдун жээктерине катар-катар түнкү чырактар орнотулган. Түнкү чырактардын формасы ийилме, жолдун так эле үстүнөн жарык берүүгө ыңгайлашкан.
Үч багытка кетчү жол кесилиштеринде айлампалар жайгашкан. Айлампалар аябай кең курулуп, ортосундагы бош жерлери чеберлик менен көркөндүрүлгөн. Анда түркүн түстүү гүлдөр өсүп турат же, гүл көчөтөрү шак эле көзгө урунат.
![Өзбекстанга сапар: Кудаярхандын ордосу, туристтерге койнун ачкан Паркент](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/img_8567-1024x683.jpg)
Ошентип, кең трассаны бойлой баратып, Өзбекстан, Андижан облусу, Ташкент шаары боюнча кеп кызыды. Андижандан Фергана облусуна карай баратып, Кокон хандыгы боюнча билгендерибиз жадыбызга түштү. 18-19-кылымда бу чөлкөмдөр Кокон хандыгынын ээлигинде болуп, бизди зымыратып алып бараткан унаалардын ордуна ат арабалар, жорго аргымактар, аттар жүрчү эмес беле. Ал убакта элчилер, жарчылар, чабарманда бир багыттан бир багытка кабар ташуучу эмес беле. Өзүнө бир нече маданиятты- өзбек-кыргыз-кыпчак маданият сиңирген Фергана өрөөнү учурунда не деген окуяларды камтып, Кокон хандыгынын гүлдөп турган кезин, ордонун саясий кутумдарына, ханыктын курамындагы элдин ич ара согушуна, Ак падышанын кардуу аскер башчыларын, не деген ири чабуулдарды, кырылышкан согуштарга күбө болгон өрөөн эмес беле. Непадам, Кокондун өз убагындагы тарыхын кеп кылып, көп убакыттын өткөнүн билбей да калыппыз.
Негизи, мурда айтылган план боюнча биз түз эле Паркентке бармакпыз. Бирок, Оштогу туроператорлордун өкүлдөрүнө жолдо жаңы идея жарала калып, таксисттерди Фергана облусунун Кокон шаары жакка бурууга көндүрүштү. Албетте, жол акы мурда сүйлөшкөндөн бир аз кымбат болот, деген менен мурда-кийин Кудаяр хандын ордосун көрө элек биз үчүн жакшы эле жаңылык болду. Анан калса жакынкы тарыхтагы кыргыз-өзбек тарыхын өзүнө камтыган Кокон хандыгынын ордосун- Кудаярхандын ордосун көрүп өтпөө мүмкүн эмес эле.
Дээрлик эки кылым бою өкүм сүргөн хандыктын ордосун көрүү биз үчүн ары сыймык болсо, ары өкүнүчтүү болуп турду. Анткени, учурунда интригага толгон ордонун саясий-социалдык чечимдери, анын курамындагы элдин ынтымагынын жоктугунан улам орус армиясына жеңилип, эмне деген адамдардын каны төгүлгөнүн тарыхтан билебиз.
Бул жолу кеп Кокондун саясий катачылыктары тууралуу эмес, жөн гана биздин сапардын алкагындагы Кудаярхандын ордосу менен таанышуу гана болду. Андыктан, Кудаярхан курган бул ордо буга чейин оңдоп-түзөөдөн өтүп, ордонун жарымы гана сакталып калганына күбө болдук.
Кудаярхандын ордосун көрүп туруп, өз убагында ордонун саясий чордонунда “кайнаган” Мусулманкул аталык, Алымкул аталык, Алымбек Датка, Шералы хан, Кудаярхан, Нүзүп аталык, Курманжан Датка, Мала хан, Полот хан, ошондой эле Коконго болгон жортуулдардын башында турган генерал-губернатор фон Кауфман, кокон аскерлери менен болгон салгылашта ири жеңиштерге жетишип, кыргыз-кыпчак атчан, жөө аскерлерин кырган генерал Черняеев сыяктуу тарыхтын оң жана терс каармандары ушу саам көзгө тасмадай тартылып турду.
Эмнеси болсо да ата-бабадан калган ордодо болуу, ал ордо менен жеринен таанышуу башкача сезимдерди тартуулады. Кудаярхандын ордосуна туристтер көп келгендиктен, андагы кызматкерлер ордо боюнча бизге маалымат бере алышкан жок. Бизди коштоп жүргөн Ош облусу жана шаары боюнча Туризм кеңешинин өкүлү Уруслан Калмурзаев бул ордого көп жолу келгендиктен, көргөн-билгенин биз менен бөлүшүп жүрдү.
«Кудаярхан курган ордонун бир капталын орус аскерлери чиркөө катары колдонуп келишкен. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аскердик гостипал катары да пайдаланышкан.
Ордонун хан отурган бөлмөсүнүн кире бериш жеринде кабыл алуу бөлмөсү болгон. Ал бөлмөдөн хандын бөлмөсүнө кире турган эшиктин бийикти 1,5 метрди түзгөн. Ошол жерден ханга киргендер эңкейип киргенге шарт болгон.
Бул ордонун жарымы гана сакталып калган. Сакталып калган жарымы да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн»,- деди Уруслан Калмурзаев.
![Өзбекстанга сапар: Кудаярхандын ордосу, туристтерге койнун ачкан Паркент](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/img_8645-1-1024x683.jpg)
Кудаярхандын ордосунда кокон хандыгынын учурундагы буюмдар, ал мезгилдеги адамды кантип көмсө туура болору тууралуу таштан жасалган буюмдар, курал-жарактар, кокон хандарынын тектеринин аттары, сүрөттөрү коюлган.
Мындан сырткары, ордодо аялдар жашай турган бөлмөлөр өзүнчө, балдар жашай турган өзүнчө болуп бөлүнгөн. Ордо хандары аларга кайрылгандарды кабыл ала турган хан тактысысы бөлмөсүнөн сырткары дагы бир бөлмө жайгашан. Анда хандар жети кабат төшөктө жамбаштап жатып, ханга кайрылгандарды кабыл алган.
«Ханчасынан жети кабат төшөккө жатыпсың» деген кеп ушундан калган өңдөнөт», -деди Уруслан Калмурзаев. Ырас эле, азыркы күнгө чейин түштүктө той-топурларда күйөө бала кыздын үйүнө алгачкы ирет барганда төркүнү жети кабат төшөк же эк-үч кабат төшөк салып, үстүнө килем салмайын күйөө жанчылар күйөө баланы отургузушпайт. Арасында каада күтүп, салт билген жеңелер «күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр» дейт, күйөө балаңыздарды ханча сыйлап, жети кабат төшөк салбайсыздарбы»,- деп шакаба курушат.
Паркентке сапар
Бул саам Кудаярхан курган Кокон чебин көздөн бир сыйра өткөрүп, тарыхый-драмалык окуялар жадыбызга келип, анан калса улуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы окуялар, ордонун саясий интригалары, Нүзүп аталыктын, Мусулманкул, Алымкул аталыктын, Алымбек датка, Курманжандай даткалардын изи, ишмердүүлүгүнө күбө болгон бул ордонун улуулугуна, ошол кездин архитектуралык көз карашы менен курулган сулуугуна суктанып, тарыхка ташка тамга баскандай изи калган улуу ата-бабаларыбыздын канына замын болгон ордо саясатына, Ак падышанын ошондогу саясатына кабыргабыз кайышып турду. Эмнеси болсо да, Жараткан өзү насип кылып, 2 кылымдай тарыхы бар хандыктын негизги ордосун көрүүнү буюрганына ыраазы болуп, кайра эле жолубузду уладык.
Айтмакчы, башында журналисттер тобу бакша таксиге, туроператорлор башка таксиге чыкканын жазбай кетипмин. Кокон шаарынан кайра өзүбүздүн таксилерге отуруп, Ташкент шаарынан 150 чакырым алыста жайгашкан, Ташкент облусунун Ангрен шаарын карай жөнөдүк. Кокон шаарын аралап баратып, жергиликтүү бийлик курган окшош-окшош имараттарга, Советтер Союзу учурунда курулган эски имарттарга да көзүбүздү түштү. Оштон айырмаланып, СССР убагында курулуган имарттардын фасадын актап-сырдап, баарын бир түскө боешуптур. Шаардын жолу кең, эки тарабында эки же үчтөн паласалары бар. Унаа жолунан кийин түркүн дарактар эгилген, андан кийин жарым метрдей жашыл аймак, андан кийин гана 2 метр кеңдиктеги тротуарлар курулган. Тротуарлардан кийин да 4-5 метрче кеңдиктеги жашыл аймак, андан соң гана имараттар казы-катар болуп тизилип, жайгашып турганына назар салдык.
Уналаар менен зымырап жүрүп баратттык, жол боюнча Фергана обулсунун уникалдуу жерлерин тамаша кылып, аңгыча эле Наманган облусуна кирип бардык. Бул облустун жолу да так эле Фергананыкына окшош. Аталган облустун аймагы менен жүрүп отуруп, уналаар саатын 150-160 км тездикте баратканын байкабай да калыппыз.
«Бул жакта чоң трассаларда уналар абдан эле катуу жүрөт. Саатына 200 чакырымдан ашык айдагандары да бар. Өзбекстанга көмүр ташыган кытай фирмаларында иштеп, кытайларга котормочу болуп, Өзбекстандын бир нече облусунда болдум. Ушул биз бараткан жолдо саатына 170-180 чакырым менен унаа айдап жүрчүбүз. Ошондой күндөрдүн биринде Ошко барып, өзүмдүн унаамды минип, Алайга сапар алдым. Айдап баратып, Каратай айылынан өткөндөн кийин Өзбекстанда унаалар абдан катуу жүрөрү эске түшүп, Ошто эч эле саатына 150 чакырым менен унаа айдап көрбөгөнүмдү эстеп, унаамды болушунча бастым. Саатына 150 чакырым менен жүрүп баратып, Бек-Жар айылынан өтүп өтпөй унаам бузулуп, кыймылдаткычынын бир жерлери бузулуп калды. Бир жагынан алганда менин унаамдын жыл эски, экинчи жагынан алганда Өзбекстандын көп аймагы деңиз деңгээлинен анча деле бийик эмес. Анан калса булардын унаалары жаңы. Ошондуктан ылдам айдаганда унааларынын кыймылдаткычы буулбайт. Бизде, Ош өзү деңиз деңгээлинен кыйла бийик. Алай болсо деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктикте жайгашкан. Уналарыбыз эски, анан бийик ландшафттын басымы менен унааларыбызды кыймылдаткычы буулуп калат турбайбы», -деди «Ош ТВнын» жаңылыктар бөлүмүнүн оператору Адилбек. Ырас, Фергана өрөөнү уч-кыйыры жок кенен тегиздикте жайгашыптыр го, чиркин. Аны көрүп дал ошол Казакстандын кенен талааларына окшоштурасың. Бирок, Фергана өрөөнү жашыл ыраңгы бөлөнгөн аймак.
Ошол уч-кыйыры жок тегиздикти тамашалап баратып, Ташкент шаарына кеткен негизи ашууга барып калганды сезбей да калыппыз. Аталган ашуу деңиз деңгээлинен 1100 метр бийик болуп, тоону тешип өткөн эки тоннели бар экен. Андан өтүп эле, түз эле Ангрен деген чакан шаарга барып кондук. Бул шаар өнөр жайы менен бүтүндөй Өзбекстанга белгилүү шаар экен.
Жергиликтүүлөрдүн айтканына ишенсек, шаардын калкы 200 миңге жакын. Шаардын аймагында цемент заводдор, көмүр карьерлери, курулуш материалдаарын чыгаруучу заводдор, тамак-аш цехтери, азот өндүрүүчү завод, машина куруу заводу, автомобилдердин шиналарын чыгарган завод, Өзбекстандагы эң ири нефт базасы жайгашкан аймак катары да белгилүү экен. Мындан сырктары, керамикалык фарфор чыгаруучу завод, алтын завод, кагаз-картондорду өндүрүүчү заводдор орун алган.
Биз бул чакан шаардагы чакан конок үйүнө жайгаштык. Конок үйүндө интернетке уланып, соц.тармактарды бир сыйра барактап чыктык. Таң калганым, «Тикток» соц.тармагы Өзбекстанда такыр иштебейт экен. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, атайын тиркеменин (VPN) жардамы менен гана «Тиктокту» колдонууга болот.
Кечинде шаарды айланууга мүмкүн болгон жок. Анткени Ангрен бийик-бийик тоолордун капталында жайгашкан шаар болгондуктан суук шамал тынбай жүрүп турат экен. Ушул себептүү конок үйүнөн чыкпай отурдук. Жергиликтүү конок үйлөрдүн негиздөөчүсү, жеке ишкер келип, кечинде бизди аталган шаардагы кафелердин биринде коноктоду. Анда бир ооздон эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнашты, саясий, социалдык-экономикалык алакаларды айтып, бири-бирибизге алкоолорду билдирдик.
Конок үйүндө эс алып отруп, Голливуддун тасмаларын көрүүнү каалап, инернетке уланган сыналгыдан «Гуглдан издөө» бөлүмүн таап, кинолорду издеп аттык. Бирок, ал бөлүм такыр эле иштебей койду. Айла канча, анан акырын андан-мундан кептерди айтып, жарымы жалган, жарымы чын мифтерди айтышып отуруп, кантип уктап калганыбызды билбей калдык. Таңга жуук туруп, ооз жаап, эрте менен саат 9:00дө көп адам бата турган унаага отуруп, Паркент аймагына ашыктык. Жол бою жогоруда кеп кылган өнөр жайларды көрүп өттүк.
Күн меши, Азирет Али эс алуу жайы
Зымырап бараткан унаа менен тез эле Паркент аймагына жетип, түз эле Азирет Али эс алуу жайына бардык. Унаадан түшүп эле эс алуу жайга бир көз жүгүрттүк да, аталган жайды Жалал-Абаддагы Арстанбапка окшоштурдук. Тыкан жасалган жол менен 1500 метр аралыкты басып, бийк дөңсөдө курулган мечитке чыктык. Эс алуу жайдын негиздеген айымдын кебине караганда, андагы жерге келген Азирет Али (Мухаммед пайгамбардын аталаш агасынын уулу, күйөө баласы) абдан чаңкагандыктан «суу, суу, суу» деп кыйкырыптыр. Ошол убак тоонунун боорунан бир булак суу чыгыптыр. Ошол сууну айтып отуруп, суунун курамында 5 түрдүү минералдар бар экенин айтты. Деген менен бүгүнкү күндө 5 түрдүү минералдардын үч түрү гана чыгып жатканын белгиледи. Биз билген Жалал-Абад облусундагы Азирет Алинин уту баскан деген э салуучу аймактагы булактын суусунда да ондон ашык минералдар бар. Андыктан, «өзүбүздүкүнө жетпейт турбайбы» деп кудуңдап алдык ичибизден. Мындан улам журналисттер, туроператорлор менен бирге Арстанбап боюнча кепке өттүк. Андагы жаңгак токой, жаңгактын өзү боюнча уламыштар боюнча кеп кызып кетти. «Ош ТВнын» жаңылыктар бөлүмүндө иштеген кесиптешим Роза Акматжан кызы Арсанбаптагы жаңгакты Македондук Александр өзү алып кетип, Грецияга барып эккен дегендей божомолду айтса, туроператор болуп иштеген Ильяз аттуу жигит да ошол ойду кубаттады. А бирок, бүгүнкү күндө жогорку аныктаманын анык далили жок. Сөз арасында Александр Арстанбапка келгени же келбегени боюнча талаштарга өттүк. Чынында Александар Кичи Азияга болгон жортуулунун негизинде ошол кездеги перстердин падышасы Дарий үчүнчү менен салгылашып, анын армиясын талкалап, бүтүндөй Персиянын ээлегенин тарыхтан билебиз. Персиянын алгандан кийин Александрдын ээлигине Египет, Сирия, Палестина сыңдуу өлкөлөр да өткөн. Андан кийин бир нече жыл бою салгылаштан кийин Орто Азияны ээлеп, андан ары Индияга карай жортуулдарын уланткан. Мен Александр Орто Азияга келгенин билесем да, «Македондук Александар Орто Азияга эмес, перстер менен согушуп, андан ары Индияга өтүп, анан ошол жактан безгек чымыны чагып алгандан кийин өлгөн» деп көгөрүп тура бердим. Туристтер менен иштеген Ильяз деген жигит да Александрдын Орто Азияга келгенин окуганына шегим жок, кара талаш болуп, көгөрүп бир пикирди карманып турган мендей адам менен талашууну туура эмес көрдү окшойт, Роза экөө өздөрүнүн пикиринин чын-бышыгын андан ары кубаттай алышкан жок. А негизи менин «Александр Орто Азияга келген эмес» деп калп айтканымды да жөнү бар эле. Анткени сөз башында Роза менен Ильяз айткан грек жаңгагы боюнча кеп болчу. Алар Александр жаңгакты Арстанбаптан алып келгенин айтышса, мен бул жөн гана миф экенин айтам. Ошентип отуруп сөзүбүз узарып, жанагинтип токтоду.
Мына ушундай талаш-тартыштан кийин Оштон барган делегация, жергиликтүүлөр менен бирге сапарыбызды андан ары карай уладык. Өзбекстандын туризм тармагын караган башкармалыгынын башчысынын орун басары, жергиликтүү туристтик фирмалардын башчылары жана биз болуп, бир аз жол жүргөндөн кийин Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын С. Азимов атындагы «Физика-Күн» илимий иштеп чыгаруу бирикмесинин курулуш каражаттары илимий институтуна бардык. Анда Күн мешин өзүнө камтыган илимий институттун имараты жайгашыптыр. Имаратка кирерибиз менен институттун Жавохир аттуу илимий кызматкери аталган иснтитуттагы Күн меши боюнча маалыматтарды айта баштады. Инситуттун макети жайгашкан аймакка барып, көп нерселерди көрсөтүп, айта баштады.
«Мына бул жерде технологиялык калаа жайгашкан. Эң чоң Күн меши да ушул жерде жайгашкан. Күндөн нурунан жылуулук ала турган айнектер Күн нурун кабыл алат дагы өзүнө окшош башка айнекке жолдойт. Ошол жерден бир чекитте Күн нурлары топтолуп, ошол жерден 3000 градус жылуулуктагы ысык температураны алабыз. Элестетиңиздер, акысыз 3000 грасдустагы жылуулук. Жылуулукту кантип салыштырабыз? Эгер бул жылуулукту металл менен салыштырып көрсөк. Темир орточо температура менен алганда 2200-2500 градуста ээрийт. Мында 3000 градус жылуулукту Күн нурунан алабыз. Аны кайсы багытта колдонобуз? Бир уникалды багыт – бул жылуулук менен тесттерди өткөрөбүз, бир канча материалдарды сынайбыз. Ошондой эле, учуучу аппараттын башындагы металлдын чыдамдуулугун сынайбыз. Учуучу аппараттын канатын, корпусуна колдонуучу металлдардын ысыкка болгон чыдамдуулугун өлчөйбүз, текшеребиз»,- деди ал.
Кыскасын айтканда, аталган институтта иштеген илимий кызматтерлер учуучу аппараттарга керектелүүчү каражатардан баштап, аскерге, өнөр жай өндүрүрүшүнө керектелүүчү бардык каражатты сыноодон өткөрүп, анын жыйынтыгы менен өндүрүшчүлөргө сунуштар айтылып, өндүрүшчүлөр аталган институттун илимий кызматкерлеринин сунуштаган каражаттарды, ошолордун сунушу менен продукцияларды жасап чыгарат. Бул технология боюнча менде кенен түшүнүк жок болгондуктан жана андагы илимий кызматкерлер менен кенен сүйлөшүп, интервью алуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, окурмандарга жакшы түшүндүрүп бере албайм. Андыктан, жогорудагы аз маалымат да окурмандарга саз болду деп ойлойм.
Мына ушундай илимий-технологиялык институт менен таанышкандан кийин кечки тамактануучу жайга баруу үчүн жолго аттандык. Жол катар жаш балдардын атайын дөңсөлөрдө бат берек учуруп жатканына күбө болдук. Ошол жерди көрүп, Ошко барып, бат берек учура турган шамалдуу аймакты таап, ушул жааттагы бизнести колго алсамбы деп ойлонгонго чейин менден башкалары да ошол боюнча ойлорун ортого сала баштады эле, атаандаштар көбөйүп кеткенин байкап, ал оюмдан баш тарттым. Аны менен катар эле Паркент аймагындагы жүзүм талаасына назарыбызды буруп, айдоочудан ал боюнча бир-эки ооз сурадык. Айоочу билдиргендей, андагы жүзүм талаада жүзүм көчөттөрү жүздөгөн гектарга созулуп, анын түшүмү Өзбекстанга эле эмес, экспортко да чыгат экен. «Жүзүмдү түрдүү сорттору дал ушул жерде өстүрүлүп, экспортко чыгат»,- деди айдоочу.
Андан ары тамактануучу жайга жетип, андан курсакты тойгоздук да, кайра унаага отуруп, кеп учун бирде Өзбекстанга, бирде Кыргызстанга, бирде дүйнөлүк саясатка буруп, уктаган жерде уктап, маектешчү жерде маектешип, жолдон Кокондун айтылуу патир нандарын алып, зымыраган бойдон Ошко кайттык.
Автор: Бексултан Нуркамил уулу