![Муфтият айт намазы мечиттерде гана окуларын билдирди Муфтият айт намазы мечиттерде гана окуларын билдирди](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/11229408_0_0_1552_873_1920x0_80_0_0_1b6699ec2f5c9d4b55bacf3711cec6fe-1024x576.jpg)
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирген маалыматка ылайык, быйыл, айт намазы мечиттерде окулат. Аны башкармалык, акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу, элдин коопсуздугу эске алынганы менен түшүндүргөн.
“Орозо айт намазы өлкөдөгү жума мечиттеринде окулат”,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ош шаардык мэриясы айт намаз, 10-апрелде шаардын борбордук аянтында окуларын жарыялаган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараткан маалыматтан кийин кандай чечим кабыл алынаары такталып жатканын мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкулов билдирди.
“Биз айт намазын Ош шаарынын борбордук аянтында окууну пландап жатканбыз. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ушундай чечим кабыл алыптыр, азыр такташып жатабыз. Кошумча маалымат берилет”,-деди Сулайманкулов.
Кийинчерээк Ош мэриясынын маалымат кызматы мурдагы маалыматын оңдоп, Орозо айт намазы мечиттерде окуларын жазды.
«10-апрель күнү Орозо айт намазы Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык жума намаздары окулуп жүргөн мечиттерде гана окулат. Орозо айт намазы эртең мененки саат 07:30да окулуп баштайт»,- деп айтлыат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.