![Ош шаарында айт намазы борбордук аянтта окулбайт Ош шаарында айт намазы борбордук аянтта окулбайт](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/1657178623_news_b-1024x682.jpeg)
Буга чейин Ош шаардык мэриясы айт намаз 10-апрелде, шаардын борбордук аянтында окуларын жарыялаган. Бирок, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы: “айт намазы мечиттерде окулат”,-деген чечиминен кийин ал чечим жокко чыгарылды.
“10-апрель күнү Орозо айт намазы Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине ылайык, жума намаздары окулуп жүргөн мечиттерде гана окулат”,-деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет. Намаз эртең мененки саат 07:30да окулуп баштайт.