“Бейиш энелердин таманында” аттуу кыргыз тасмасы бүткүл Россияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бидирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын 11-апрелинен тарта кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш энелердин таманында” аттуу кыргыз тасмасы бүткүл Россияда кеңири прокатка чыгат.
Тасма Голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине дубляждалган.
«Тасма психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан 35 жаштагы Адилдин 75 жаштагы апасы Райхан апанын айылдагы жашоосун, эне-баланын укмуштуу окуялар менен коштолгон Меккеге болгон сапарын баяндайт»,- деп айтылат маалыматта.
Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган.
Казакстанда 21-мартта, Өзбекстанда жана Россия Федерациясында 11-апрелде прокатка чыгат, ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалууда.
Аталган тасманы тарткан Руслан Акун «Салам, Нью-Йорк», «В поисках мамы», «Кок-Бору», «Акыркы сабак», «Агай», «Салам, Европа!» аттуу тасмалары менен да белгилүү.