![Бишкекте 5 күндөн бери изделип жаткан кыз Оштон табылды Бишкекте 5 күндөн бери изделип жаткан кыз Оштон табылды](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/ffc8c185-a460-4fce-9652-b9e0c1fd9a44.jpg)
Ош облустук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 2008-жылы туулган Ж. А. аттуу жараны 2024-жылдын 2-апрель күнү үйүнѳн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу издөө багыттамасы келип түшкөн.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кбарлагандай, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан 2008-жылы туулган Ж.А. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинген.
«2024-жыллын 7-апрель күнү Ж.А.менен укук бузуулардын жана кокустуктардын алдын алуу багытында маектешүү жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат маалыматта.