![Синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактысы көбөйдү,- УКМК Синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактысы көбөйдү,- УКМК](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/75fa745d-761a-42ff-b9d7-c9f9047a71cb-1024x544.jpg)
Сүрөт УКМКнын синтетикалы маңзат боюнча тарткан тасмасынан алынды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалыматк караганда, азыркы учурда комитет бүткүл өлкө боюнча баңгизаттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.
«Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу «капкан». Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат. Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат»,- деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз баңгичиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо, анда төмөнкү анонимдүү ишеним телефонуна кайрылсаңыздар болот: 118.
«Комитеттин жетекчилиги дагы бир жолу эскертет,химиялык баңгизаттарын кабыл алуу кайтарылгыс кесепеттерге алып келет жана аларды өндүрүү/тараттууга катыштыгы бар тараптар мыйзам тарабынан катуу жазаланат»,- деп айтылат маалыматта.