!["Шакиевдин пикири өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат такыр башка,- С. Жапаров "Шакиевдин пикири өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат такыр башка,- С. Жапаров](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/img_5899.730x0.jpeg)
Президент Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча «Кабар» агенттигине маек куруп, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин кыргыз тили боюнча айткан сөздөрү боюнча өз оюн билдирген.
«Албетте кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тили боюнча Нурланбек Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка.
Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. Баарлашуунун куралы болгон бул эки тил БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын негизги тилдеринин бири катары кеңири колдонуларын баарыбыз билебиз.
КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот.
Өздөрү айтышат «Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз» деп.
Мен акыркы 3 жылда көп эле жолу көрдүм. Ал эми англис тили болсо дүйнө жүзүндө колдонулат. Мен дайыма билим берүү министрине айтып жүрөм: “Мектептерге мүмкүн болсо эки тилде сабак берген мугалимдер болсо издегиле” деп. Ошондо штаттар да көбөйбөй бир эле эжеке эки тил боюнча сабак берсе жакшы болот эле. Орус жана англис тилдеринде. Айрыкча айыл жерлеринде орус тилчилерге муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезиннен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жакка барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам», -деген президент.
Садыр Жапаров англис тили дүйнөлүк тил экенин белгилеп, англис тилдүү мектеп салууну каалагандарга эшик ачык экенин айтты.
«Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес, беш тилде эркин сүйлөп калышса. Элибиз канчалык көп тил билсе, ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдин каада салтын, менталитетин билет. Илим билимин үйрөнөт.
Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек.
Ал эми кыргыз тили эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Кудайга шүгүр дешибиз керек. Кантип эле тилибиз 90-жылдардагыдай абалда калды дейбиз.
90-жылдары айылдарыбызда кыргызча сүйлөй албагандар бар болчу. Азыр тескерисинче айылдарда басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөй албай калбадыбы. Себеби айылдарда орус тил сабагынан берген орус мугалимдер жетишсиз болуп атат. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз.
Ошондуктан эч качан башка тилдерге каршы болбошубуз керек. Албетте кыргыз тилге да катуу көңүл бурабыз. Илгери жоголуп кетпеген кыргыз тилибиз эми жоголуп кетмек беле?», -деген С. Жапаров.
Ошондой эле, президент балага ысым коюу ар бир адамдын өз эрки экенин билдирген.
«Ал эми арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы, Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет»,- деген ал.
Парламенттин 11-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, шаарларда эле эмес, айылдардагы балдар да смартфондордон орус, англис тилиндеги мультфильмдерди көрүп, орусча, англисче тили чыгып жатканын айтып, мындай темп менен кетсе, кыргыз тили 5-10 жылда жок болуп кетүү коркунучуна кептелерин билдирген.